НАСА 2025 - жылга чейин айга адам жибербейт

АКШнын Улуттук авиация жана космостук мекемеси НАСА 2025 -  жылга чейин Айга астронавт жибербей тургандыгын билдирди.

1731922
НАСА 2025 -  жылга чейин айга адам жибербейт

АКШнын Улуттук авиация жана космостук мекемеси НАСА 2025 -  жылга чейин Айга астронавт жибербей тургандыгын билдирди.

НАСАнын төрагасы Билл Нельсон НАСАнын Айга адам жиберүүнү кечеңдеткендигин жана мунун 2025 -  жылдан мурда ишке ашпай тургандыгын билдирди. Нельсон АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын Айга адам жиберүү планына токтолуп : «Трамп башкаруусунун 2024 - жылга чейин Айга адамдарды жиберүү максаты техникалык мүмкүнчүлүккө туура келбейт эле",- деди.

Нельсон НАСАнын Артемида программасы деп билинген Айга адам жиберүү миссиясынын 1 -  ишинин 2022 – жылдын жазына, Артемида 2 миссиясынын 2024 – жылга жана Артемида 3  миссиясынын 2025 – жылга кечеңдетилгендигин айтты.

НАСА Айга астронавт жиберүүдөгү кечеңдетүүлөрдө өзгөчө Blue Origin космостук учуу компаниясына бул жылдын башында берилген доо арызга салым кошконун билдирди.

НАСА менен SpaceX космостук учуу компаниясынын ортосундагы байланыш доо арыздан улам үзгүлтүккө учурагандан кийин НАСА бейшемби күнү федералдык соттун чечими менен SpaceX менен Айга конуу келишими боюнча иштөөнү уланта турганын жарыялады.

НАСАнын Артемида космостук миссиясынын негизинде 2024 -  жылга чейин Айга адам жиберүү пландалып жаткан. НАСА мындан мурда Айга адамдарды жиберүү программасына Аполло 11 миссиясы менен баштады.

1969 -  жылы Аполло 11 космостук миссиясы менен Нил Армстронг Айга барган биринчи адам болгон.

 

 



Тектеш кабарлар