Ковид-19 отчету: эмделбеген адамдардын өлүү ыктымалдыгы 16 эсе жогору

Каза болгондордун орточо курагынын 82 жашты түзгөнү белгиленди.

1731440
Ковид-19 отчету: эмделбеген адамдардын өлүү ыктымалдыгы 16 эсе жогору

Австралияда даярдалган отчетто, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) вакцинасын албагандардын өлүү ыктымалдыгы 16 эсе жогору экени айтылды.

Австралиянын Жаңы Түштүк Уэльс аймагынын саламаттык сактоо маалыматына караганда, Delta эпидемиясы башталгандан кийин төрт ай ичинде каза болгон 412 адамдын 11 пайызы гана толук эмдөөдөн өткөн.

Бул каза болгондордун орточо курагынын 82 жашты түзгөнү белгиленди.

Реанимация бөлүмдөрүндөгү адамдардын 3 пайызга жакыны гана эки дозаны алышкан, ал эми 16-июндан 7-октябрга чейин аныкталган 61.800 учурдун 63 пайыздан ашыгы эмделбегендер.

Отчеттун тыянактары, сентябрда эмдөөдөн өтпөгөн адамдардын Ковид-19дан каза болуу ыктымалдыгы толук эмдөөдөн өткөндөргө караганда 11 эсе көп экенин билдирген Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун маалыматтарына туура келди.



Тектеш кабарлар