Израилге мыйзам тышы отурукташуу жерлерин токтотууга чакыруу салынды
Франция, Ирландия, Эстония, Норвегия, ошондой эле келерки жылы кеңешке кире турган Албания биргелешкен билдирүү жасап, Израилдин Палестинадагы мыйзамсыз отурукташууларын сынга алды.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Европа Биримдигиндеги өлкөлөр - Франция, Ирландия жана Эстония менен Норвегия Израилге Батыш Шериа жана Чыгыш Кудстагы мыйзамсыз отурукташууларды токтотууга чакырды.
Франция, Ирландия, Эстония, Норвегия, ошондой эле келерки жылы кеңешке кире турган Албания биргелешкен билдирүү жасап, Израилдин Палестинадагы мыйзамсыз отурукташууларын сынга алды.
Билдирүүдө Израилдин Батыш Шериада жана Чыгыш Иерусалимде Е1 жана Гиват Хамотос аймагы да болгон 3 миңден ашуун турак жай куруу планын токтотууга чакырылып, отурукташуулардын эл аралык укук боюнча мыйзамсыз экенине жана эки мамлекеттүү чечимге тоскоол болгонуна көңүл бурулду.
Билдирүүдө Израиль коргоо министрлигинин палестиналык алты адам укутарын коргоо мекемесин террордук уюм тизмесине киргизишинен олуттуу тынчсыздануулардын болуп жаткандыгы да белгиленди.
Тектеш кабарлар
Кытайда болгон сел жана жер көчкүдө 4 адам каза болуп, 10 адам дайынсыз жоголду
Кытайда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жана жер көчкү болуп, 4 адам каза болду.