Иран: «АКШнын учкучсуз учактарына бөгөт койдук»

Иран армиясы «Зулфикар-1400» аттуу машыгуу өткөрүүдө.

1731254
Иран: «АКШнын учкучсуз учактарына бөгөт койдук»

Иран Оман деңизиндеги абадан коргонуу аймагына кирип кеткен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Аскердик аба күчтөрүнө таандык 2 RQ4 жана MQ-9 үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппараттарына бөгөт болгонун жана аларга эскертүү бергенин жарыялады.

Ирандын мамлекеттик телеканалындагы кабарга караганда, Иран армиясы өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Систан-Белужистан провинциясынын Мекран жээктеринде «Зулфикар-1400» деген аталышта машыгуу өткөрүүдө.

Маалыматта машыгуу учурунда Ирандын абадан коргонуу аймагына (ADIZ) кирген АКШнын аба күчтөрүнө таандык 2 RQ4 жана MQ-9 тибиндеги учкучсуз учуучу аппараттына бөгөт коюлуп, эскертүү берилгени билдирилди.

Кабарда АКШлык учкучсуз учактардын Иран армиясы тарабынан жүргүзүлгөн машыгууга байланыштуу маалымат чогултуу үчүн аймакка барганы белгиленди.



Тектеш кабарлар