Беларусь-Польша чек арасында мыйзамсыз иммигранттар күтүүнү улантууда

Кечээ Беларустун Гродно шаарындагы Брузги чек ара бекетинен өткөндөн кийин Польшанын чек арасына жеткен, көпчүлүгү Ирактан кеткени айтылган иммигранттар чек арада түнөштү.

1731541
Беларусь-Польша чек арасында мыйзамсыз иммигранттар күтүүнү улантууда

Беларусь аркылуу Евробиримдиктин (ЕБ) мүчөсү Польшага кирип, ал жерден Европа Биримдигинин башка өлкөлөрүнө өтүүнү каалаган мыйзамсыз иммигранттар Беларусь-Польша чек арасында күтүүнү улантууда.

Кечээ Беларустун Гродно шаарындагы Брузги чек ара бекетинен өткөндөн кийин Польшанын чек арасына жеткен, көпчүлүгү Ирактан кеткени айтылган иммигранттар чек арада түнөштү.

2000ге жакын иммигрант, анын ичинде көптөгөн балдар жана аялдар, токой аймагындагы чек ара тосмолорунун алдына курган чатырларында калышты.

Польша Кузница-Брузги чек ара бекетин жаап салгандан кийин Беларусь тарапта жүк ташуучу унаалардын узун кезектери пайда болду.

Беларустун Мамлекеттик чек ара комитети тараткан билдирүүдө иммигранттар чек арада лагерь куруп, учурда эч кандай агрессивдүү аракеттерге барбаганы айтылды.

Билдирүүдө иммигранттардын физикалык жана моралдык абалы начар экени, лагерде тамак-аш жана суу жетишсиз экени белгиленди.

Польша тараптын көз ачыштыруучу газ колдонгонунан кийин кээ бир иммигранттардын өзүн жаман сезгени белгиленген билдирүүдө: «Польша аскерлери иммигранттарга психологиялык басым көрсөтүү үчүн үн күчөткүчтөрдү, проекторлорду жана жарыктарды түнү бою күйгүзүп турушту. Коңшу аймактан да мылтыктын үнү угулду»,деген сөздөр камтылган.

Бир тараптан Беларустун ички иштер министри Иван Кубраков, Беларусь чек арасында мыйзамсыз жүргөн мигранттар өлкөдө мыйзамдуу түрдө бар экенин жана мыйзамды бузбагандарын билдирди.

Беларустун Тышкы иштер министрлиги Польшаны иммигранттарга каршы мүмкүн болгон мыйзамсыз мажбурлоо аракеттерин актоо үчүн Беларуска каршы эч кандай провокацияга барбоого үндөдү.

Бероруссиянын Коргоо министрлиги тарабынан, Беларусь-Польша чек арасына 10 миң поляк аскеринин жайгаштырылышынын маанилүү аскердик иш-чара экени эске салынып, чек арада мындай иш-аракеттин Беларусь тарапка билдирбестен жүргүзүлүшү аймактык коопсуздук жана чаралар боюнча келишимдерди бузуу экени белгиленди.

Билдирүүдө 6 миң жана андан ашык аскер кызматкеринин катышуусунда аскердик иш-чаралар жарыяланып, байкоочуларды чакыруу керектиги билдирилип, Польшанын Белоруссияга билдирбегени жана байкоочуларды чакырбаганы белгиленди.



Тектеш кабарлар