Рабат тслам дүйнөсүнн маданий борбор шаары

Ислам билим берүү, илим жана маданият уюму ISESCO Марокконун борбору Рабат шаарын “Ислам дүйнөсүнүн 2022-жылдагы маданий борбору” деп жарыялады.

1730158
Рабат тслам дүйнөсүнн маданий борбор шаары

Ислам билим берүү, илим жана маданият уюму ISESCO Марокконун борбору Рабат шаарын “Ислам дүйнөсүнүн 2022-жылдагы маданий борбору” деп жарыялады.

Марокконун Жаштар, маданият жана коммуникация министри Мохаммед аль-Махди Бинсаид борбор калаа Рабатта Ислам Кызматташтык Уюмунун алдында иш алып барган Ислам билим, илим жана маданият уюму ISESCOнун башкы директору Салим бин Мохаммед аль-Малик менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин Бинсаид Рабаттын 2022 - жылы Ислам дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланганын белгилеп, жолугушуунун маанисине көңүлдөрдү бурду.

ISESCOнун башкы директору Малик «2022 Ислам дүйнөсүнүн маданият борбору» иш-чараларынын алкагында ISESCO менен Марокконун Жаштар, маданият жана коммуникация министрлигинин ортосунда кээ бир биргелешкен иш - чаралардын баштала турганын айтты.

Малик : "Биз тараптардын биргелешкен кызматташтыгынын көптөгөн аспектилерин талкууладык. Марокко королунун Рабат шаарын 2022 - жылы Ислам дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыялоону жактыруусуна абдан кубанычтабыз жана сыймыктанабыз",- деди.



Тектеш кабарлар