Россияда кырсыкка учураган учак

Россиянын Иркутск шаарында Ан-12 учагы кырсыкка учураган аймакта учактагы 9 адамдын сөөгү табылды.

1729896
Россияда кырсыкка учураган учак

Россиянын Иркутск шаарында Ан -12 учагы кырсыкка учураган аймакта учактагы 9 адамдын сөөгү табылды.

Бул тууралуу Спутникке  маалымат берген чукул абалдар кызматынан бир булак билдирип : «Иркутск облустук соттук - медициналык экспертизасы 9 адамдын сөөгүнүн табылганын тастыктады», - деди .

Буга чейин учакта эки кара куту бар экени айтылган.

Беларусиянын Гродно авиакомпаниясына таандык Ан-12 учагы кечээ Иркутскиде кырсыкка учурап, кырсыктын аба ырайынын начардыгынан же техникалык мүчүлүштүктөн улам болгону айтылган.

Учакта Россиянын, Беларусиянын жана Украинанын жарандары болгону кабарланган.



Тектеш кабарлар