БУУ Кипр атайын өкүлүн дайындады
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антони Гутерриш канадалык дипломат Колин Стюартты Кипр боюнча атайын өкүл кылып дайындады.
1729882
Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антони Гутерриш канадалык дипломат Колин Стюартты Кипр боюнча атайын өкүл кылып дайындады.
БУУнун Башкы катчылыгынан берилген маалыматта Стюарттын Кипрдеги БУУнун тынчтыкты сактоо күчтөрү миссиясынын да башчысы боло турганы белгиленди.
Элизабет Спехардын ордуна Кипр боюнча атайын өкүл болуп келе турган Стюарт БУУнун баш катчысынын Кипр боюнча атайын кеңешчисинин орун басары милдетин да аткарат.
БУУда түрдүү кызматтарды аткарган Колин Стюарт буга чейин Батыш Сахара боюнча атайын өкүл болуп иштеген.