Нигерияда ураган имаратта каза болгондордун саны 36га жетти

Нигериянын соода борбору Лагос шаарында 1-ноябрда урап түшкөн 21 кабаттуу имараттын урандыларынан табылган сөөктөрдүн саны 36га жетти.

1729390
Нигерияда ураган имаратта каза болгондордун саны 36га жетти

Нигериянын соода борбору Лагос шаарында 1-ноябрда урап түшкөн 21 кабаттуу имараттын урандыларынан табылган сөөктөрдүн саны 36га жетти.

Нигериянын Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин Лагос штатынын координатору Ибрахим Фаринлое жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Лагостун Икойи аймагында болгон кырсыкка байланыштуу издөө -куткаруу иштеринин улантылып жатканын билдирди.

Фаринлое : «Ушул кезге чейин 33 эркек жана 3 аялдын сөөрү чыгарылды. 9 адам жаракат алды»,- деп билдирди. Фаринлое уранды астында көптөгөн адамдын калгандыгы болжолдолуп жаткандыгын айтты.

Кымбат батирлер жана үйлөр болгон 360 Degrees Towers районунун бир бөлүгүндө болгон кырсыкка эмненин себепболгондугу белгисиз.

Лагостун курулуштарды көзөмөлдөө агенттигинин башкаруучу директору Гболахан Оки өкмөттүн курулуш компаниясына 15 кабаттуу имарат үчүн уруксат бергендигин бирок 21 кабаттуу имарат курылгандыгын айткан. Оки курулуш инженеринин камоого алынгандыгын сотко өткөрүлгөндүгүн билдирген.

 

 



Тектеш кабарлар