Британия Ковид - 19 дарысын колдонууга уруксат берген биринчи өлкө болду

Британия америкалык Meрк фармацевтикалык компаниясы тарабынан иштелип чыккан дарыны Ковид-19га каршы колдонууга уруксат берди.

1729512
Британия Ковид  - 19  дарысын колдонууга уруксат берген биринчи өлкө болду

Британия америкалык Meрк фармацевтикалык компаниясы тарабынан иштелип чыккан дарыны Ковид-19га каршы колдонууга уруксат берди.

Британиянын дарыларды жөнгө салуучу агенттиги (MHRA) Мерк Ковид-19га каршы иштеп чыккан Молнупиравирди колдонууга уруксат берди.

Ушундайча Британия вакцинадан кийин дарыга уруксат берген биринчи өлкө болду.

Американын «Вашингтон пост» гезитинин билдирүүсүнө караганда Мерктин төрагасы Роберт М.Дэвис : «Дүйнө жүзүндөгү бейтаптарга молнупиравирди мүмкүн болушунча тезирээк жеткирүү үчүн аракет кылабыз»,- деди.

Британияда Лагеврио деп атала турган дары жөнүндө маалыматтар Молнупиравирдин Ковид - 19 жуктуруп алуу коркунучу жогору болгондор үчүн өлүм же ооруканага жаткыруу деңгээлин эки эсеге кыскарта аларын көрсөттү.



Тектеш кабарлар