Маск: «Эгер WFP дүйнөдөгү ачарчылыкты кантип чечерин так түшүндүрө алса, мен БУУга жардам берем»

Маск Твиттерде Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (WFP) директору Дэвид Бислинин Масктын активдеринин эки гана пайызы менен ачкачылыктан жапа чеккен миллиондогон адамдарга жардам берүүгө болот деген билдирүүсүнө жооп берди.

1727990
Маск: «Эгер WFP  дүйнөдөгү ачарчылыкты кантип чечерин так түшүндүрө алса, мен БУУга жардам берем»

 

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) электромобилдерин өндүрүүчү Tesla компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск, ачкачылык маселесин кантип чече турганын түшүндүрсө, Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) жардам берерин убада кылды.

Маск Твиттерде Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (WFP) директору Дэвид Бислинин Масктын активдеринин эки гана пайызы менен ачкачылыктан жапа чеккен миллиондогон адамдарга жардам берүүгө болот деген билдирүүсүнө жооп берди.

Дүйнөдөгү эң бай бизнесмендердин бири Маск: «Эгер WFP (Дүйнөлүк азык-түлүк программасы) Твиттерде 6 миллиард доллар дүйнөдөгү ачарчылыкты кантип чечерин так түшүндүрө алса, мен Тесланын акцияларын азыр сатам»,-деп бөлүштү.

Илон Маск: «Адамдар акчанын кайда кетип жатканын көрүшү үчүн учурдагы жана сунушталган чыгымдарыңызды кеңири баяндап бериңиз. Күндүн жарыгы - бул эң сонун нерсе. Муну коомчулук акчанын кандай сарпталып жатканын көрө алышы үчүн так аткарыңыз»,-деген билдирүүсүн жасады.

Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Бисли Твиттер аркылуу баарлашуунун ордуна Маск менен жолугуп, пландарын көрсөтүүнү сунуштады.

Бисли Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ачык жана айкын системасы бар экенин жана муну камсыздай турганын билдирди.



Тектеш кабарлар