Түркия Ооганстанга азык-түлүк жардамын берүүдө

Түрк Кызылайынын Ооганстандагы жооптуу кызматкерлеринен Махфузулла Йолдаш, Ооганстан Кызылайы менен бирге уюштурулган иш-чарада 1000 үй-бүлөгө 2 миң кутулук азык-түлүк жардамынын берилгенин айтты.

1727754
Түркия Ооганстанга азык-түлүк жардамын берүүдө

Түркия ачарчылык жана жакырчылык күчөгөн Ооганстанда миң үй-бүлөгө 2 миң пакет азык-түлүк жардамын берди.

Түрк Кызылайынын Ооганстандагы жооптуу кызматкерлеринен Махфузулла Йолдаш, Ооганстан Кызылайы менен бирге уюштурулган иш-чарада Кабул, Каписа, Бамиан жана Газниде жалпы 1000 үй-бүлөгө 2 миң кутулук азык-түлүк жардамынын берилгенин айтты.

Шиит хазарлар көп жашаган Бамиан облусунда кечээ 350 үй-бүлөгө, 28-октябрда Каписа провинциясында 300 үй-бүлөгө жана Кабулда 50 үй-бүлөгө, эртең мененки сааттарда Газни провинциясында 300 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамынын берилгенин белгилеген Йолдаш, келерки жумада ар түрдүү шаарлардагы 4 миң үй-бүлөгө жардам көрсөтүлө тургандыгын айтты.

Ооганстанда жай айларында күчөгөн мурдагы өкмөт менен Талибан күчтөрүнүн ортосундагы кагылышуулардан улам миңдеген үй-бүлөлөр үй-жайын таштап, алардын ишканаларынын көбү токтоп, өлкөнүн экономикасы чоң зыян тартты.

15-августта баш калаа Кабулду талиптердин көзөмөлүнө алуусунун натыйжасында ооган өкмөтү кулап, өлкөгө эл аралык жардам берүү токтотулган.



Тектеш кабарлар