Саид Хатибзаде АКШнын санкциялары тууралуу билдирди
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Саид Хатибзаде Америка Кошмо Штаттарынын ирандык компанияларга жана жеке адамдарга киргизген жаңы санкцияларын “Ак үйдүн баш- аламан мамилесинин көрсөткүчү” деп айтты.

Хатибзаде Тышкы иштер министрлигинин интернет сайтында жарыяланган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, АКШ башкаруучулугунун Иран Ислам Төңкөрүш Гвардиялары армиясынын учкучсуз аба аппараты программаларын жана Кудс Күчүн колдогон 4 киши менен 2 фирмага каршы санкцияларын айыптады.
Ташталган кадамдардын АКШнын мурунку президенти Дональд Трамптын «ийгиликсиз максимум кысым саясатынын уландысы экендигин жана максатына жете албай тургандыгын айткан Хатибзаде : «Жаңы санкциялар Ак үйдүн баш- аламан мамилесинин бир көрсөткүчү. Санкцияларга кайтууну каалагандыгын жана Трамптын ыкмаларын уланткан бир башкаруу, ишенүүгө болбой тургандыгын көрсөтүүдө»,- деди.
АКШнын Каржы министрлигинен жасалган билдирүүдө Ирандын учкучсуз аба аппараты программасына байланыштуу 4 киши менен 2 фирманын Чет элдик активдерди көзөмөлдөө бюросу (OFAC) тарабынан санкция тизмесине киргизилгени белгиленди.