Мексикада дагы бир журналист өлтүрүлдү

2000 - жылдан бери өлкөдө өлтүрүлгөн журналисттердин саны 130дан ашты.

1726559
Мексикада дагы бир журналист өлтүрүлдү

Мексиканын түштүк - чыгышында дагы бир журналист атып өлтүрүлдү. 2000 - жылдан бери өлкөдө өлтүрүлгөн журналисттердин саны 130дан ашты.

Мексика басма сөзүндө орун алган кабарга караганда жергиликтүү гезитте кабарчы болуп иштеген Фредди Лопес Аревало Чиапас штатынын Тухтла Гутиеррес шаарында унаасынан түшүп баратканда куралдуу кол салууга учурады.

Аревало оор жаракат алып ооруканада каза болгон.

Бийлик журналистти мотоциклдеги адам атып салганын айтып, кол салган адамдын окуя болгон жерден качып кеткенин кабарлады. Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.

2000 - жылдан бери өлкөдө өлтүрүлгөн журналисттердин саны 130дан ашты.

 

 



Тектеш кабарлар