Испанияда метеориттин бөлүкчөсү сатылып жатканда колго түшүрүлдү

Испанияда жандармерия өлкөнүн түндүгүндөгү Леон шаарынын Релиегос районуна 1947 - жылы түшкөн метеориттин бир бөлүгүн интернет аркылуу 50 000 еврого сатууга аракет кылынып жатканда колго түшүрүлгөнүн жарыялады.

1726222

Жандармериянын билдирүүсүндө, мекеме ичиндеги жаратылышты коргоо бөлүмүнүн интернет аркылуу 27 миң 500 еврого аукционго чыгарылган жана 50 миң еврого чейин сатып алуучуларды тапкан метеорит ташына жетишилип, Улуттук табигый илимдери музейине тапшырылгандыгы билдирилди.

Бул метеориттин 1947 - жылы Релиегос районуна түшкөндүгү жана изилдөө жүргүзүлүп көргөзмөгө коюлуу үчүн Улуттук табигый илимдер музейине берилгени билдирилди.

60 жылга жакын убакыттан бери жоголгон метеорит бөлүгүнүн интернетте сатыкка коюлгандан кийин ачыкка чыкканы, Жандармерия тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында Баск аймагынын Эрнани районунда жүргүзүлгөн операцияда колго түшүрүлгөнү жарыяланды. Жооптуу кишинин кармалгандыгы билдирилди.

Тектеш кабарлар