Эфиопияга чукул түрдө гуманитардык жардам берүүгө чакыруу салынды

Эл аралык Кызыл Крест комитетинин төрагасы Петер Маурер Швейцариянын Женева шаарындагы комитеттин борборунда өткөргөн маалымат жыйынында өлкөдөгү акыркы абалга баа берди.

1726112
Эфиопияга чукул түрдө гуманитардык жардам берүүгө чакыруу салынды

Эл аралык Кызыл Крест комитети козголоңчу Тигрей элдик боштондук фронту менен аскерлердин ортосундагы кагылышуулар күчөп жаткан Эфиопияда жарандарга шашылыш гуманитардык жардам көрсөтүүгө чакырды.

Эл аралык Кызыл Крест комитетинин төрагасы Петер Маурер Эфиопияга 3 күндүк сапарынан кийин Швейцариянын Женева шаарындагы комитеттин борборунда өткөргөн маалымат жыйынында өлкөдөгү акыркы абалга баа берди.

Өлкөнүн түндүгүндөгү Тиграй жана коңшу шаарлардагы кагылышуулардын акыркы жумаларда күчөгөнүнө көңүл бурган Маурер: "Чыр - чатактар ​​күнүмдүк керектелүүчү товарларды жеткирүүгө тоскоол болуп, саламаттыкты сактоо системасын иштен чыгарды. Жарандар  эң негизги муктаждыктарын камсыз кыла албай жатышат",- деди.

Кагылышуулар күнүмдүк жашоого терс таасирин тийгизген аймактарда көптөгөн үй - бүлөлөрдүн шашылыш түрдө азык - түлүк жана дары - дармекке муктаж экенин баса белгилеген Маурер, үй  - бүлөлөрдүн чукул түрдө тамак  - аш жана медициналык материалдарга муктаждыгы болорун жана жарандардын ден соолукка байланыштуу кыйынчылыктарды тартары боюнча эскертти.

Эфиопия армиясынын 2020 - жылдын ноябрь айында козголоңчу Тиграй Элдик боштондук фронтуна каршы башталган операциялар уланууда.

Өлкөнүн түндүгүндө 11 айга созулган кагылышуу 2,5 миллионго жакын адамды көчүүгө аргасыз кылып, алыпаймактагы 5 миллиондон ашуун адам да чукул жардамга муктаж.

 



Тектеш кабарлар