Украина Донбасста Түркиядан чыккан куралдуу учкучсуз учуучу аппаратты колдонду

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Фейсбук баракчасынан берилген билдирүүдө орусиячыл жикчилдердин гаубицаларды колдонуу менен ок атышпоо келишимин бузганы, натыйжада бир украин аскеринин шейит болуп, 2 аскеринин жараланганы белгиленди.

1725507
Украина Донбасста Түркиядан чыккан куралдуу учкучсуз учуучу аппаратты колдонду

Украинанын Куралдуу күчтөрү Донбасста орусиячыл жикчилдер колдонгон гаубицаны куралдуу учкучсуз учуучу аппарат «Байрактар ​​TB2»  менен аткан тасмаларды бөлүштү.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Фейсбук баракчасынан берилген билдирүүдө орусиячыл жикчилдердин гаубицаларды колдонуу менен ок атышпоо келишимин бузганы, натыйжада бир украин аскеринин шейит болуп, 2 аскеринин жараланганы белгиленди.

Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) атайын миссиясы аркылуу темага байланыштуу нота жиберилгени менен эч кандай жыйынтык чыкпаганы белгиленген билдирүүдө, жикчилдерди ок атышууну токтотууга мажбурлоо үчүн биринчи жолу куралдуу учкучсуз учуучу аппарат «Байрактар ​​TB2»  колдонулганы белгиленди.

Билдирүүдө Украинанын Куралдуу күчтөрүнө караштуу куралдуу учкучсуз учуучу аппараттын фронт сызыгынан өтпөгөнү жана башкарылуучу ракета менен жикчилдерге таандык гаубицаны жок кылганы бөлүшүлгөн.

Баш калаа Киевде мурдагы президент Виктор Януковичтин Евробиримдиктин (ЕБ) ассоциациялык келишимине кол койбой койгондон кийин 2013-жылдын 21-ноябрында демонстрациялар башталган.

Демонстрациялар күчөгөндөн кийин 2014-жылдын февралында Янукович өлкөдөн качып кеткенден кийин, орусиячыл жикчилдер өлкөнүн чыгышындагы Донбасс облусунун Донецк жана Луганск шаарларында өздөрүн эгемендүүбүз деп аташкан.

2014-жылдан бери жикчилдер менен Киев өкмөтүнүн ортосундагы кагылышууларда 13 миңден ашуун адам каза болду.



Тектеш кабарлар