Орусия Ооганстандын коңшуларына чакырык салды

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров «Афганистанга коңшулаш өлкөлөрдүн жыйынына» видео кайрылуу жолдоду.

1725781
Орусия Ооганстандын коңшуларына чакырык салды

Орусия Ооганстанга кошуна өлкөлөрдү, өз аймагына америкалык жана НАТОнун аскерий күчтөрүн жайгаштырбоого чакырды.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ирандын борбор шаары Тегеранда Орусия, Кытай, Иран, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын катышуусунда өткөн «Афганистанга коңшулаш өлкөлөрдүн жыйынына» видео кайрылуу жолдоду.

Террористтердин качкын атын жамынып Ооганстандан коңшу өлкөлөргө кирүүгө аракет кылып жатканын белгилеген Лавров, Ооганстанда нормалдуу жашоо шарттарынын түзүлүшү оогандардын акырындап өз өлкөлөрүнө кайтууларынын алдын ала шарты болорун белгиледи.

Лавров АКШ жана НАТО күчтөрүнүн Ооганстандан чыккандан кийин коңшу өлкөлөргө жайгашууну пландап жатканын эске салып: «Биз Ооганстанга кошуна өлкөлөрдү дагы бир жолу АКШ жана НАТО күчтөрүнүн өз аймагына аскерий күчтөрүнүн жайгашышына жол бербөөгө чакырабыз», - деди.

Ооганстанда улуттук билим берүү жана саламаттык сактоо системасынын түзүлүшү жана жалпысынан таасирдүү социалдык жана экономикалык инфраструктуранын түзүлүшү чоң каржылык чыгымдарды талап кылаарын баса белгилеген Лавров: «Ушул алкакта мен чыныгы жоопкерчиликти өлкөнү ушундай абалга алып келгендер көтөрүшү керек экенин баса белгилегим келет. Оогандарга финансылык, экономикалык жана гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн каражат чогултуу үчүн мобилизациялоону баштоого убакыт келди окшойт»,-деп айтты.

Лавров Батыштын “конференцияларды уюштуруу үчүн конференцияларды уюштуруу” адаттары артта калганын ойлогонун жана Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Ооганстанга жардам көрсөтүүдө конкреттүү иштерди аткаруу үчүн координациялоосу керектигин билдирди.



Тектеш кабарлар