Жо Байден Рум Патриархы Бартоломей менен жолугушту

Фенер рум патриархы Бартоломей Вашингтондогу расмий жолугушууларынын алкагында тышкы иштер министри Антони Блинкен менен да жолугушту.

1725333
Жо Байден Рум Патриархы Бартоломей менен жолугушту

АКШнын президенти Жо Байден Ак үйдө Фенер рум патриархы Бартоломей жана аны коштогон делегация менен Ак үйдө жолугушту.

Патриарх Бартоломей жабык эшик артында өткөн жолугушуудан кийин Байден менен абдан позитивдүү жолугушуу өткөрүшкөнүн баса белгилеп : «Рим Папасы Франциск, Англия чиркөөсүнүн архиепархиясы, мусулман жана еврей диний лидерлери менен бүткүл дүйнө жүзү боюнча эмдөөдөн өтүү демилгесин көтөргөнүбүздү жарыялоого кубанычтамын. Президент Байден мырза да бул демилгени кубаттады",- деди.

2009 - жылдан кийин биринчи жолу АКШга келген Фенер рум патриархы Бартоломей Вашингтондогу расмий жолугушууларынын алкагында тышкы иштер министри Антони Блинкен менен да жолугушту.



Тектеш кабарлар