Саманчынын жолу галактикасынын тышында да бир планета болушу мүмкүн

Астрономдор Саманчынын жолу галактикасынан башка  потенциалдуу планетаны тапкан болушу мүмкүн экендерин жарыялашты.

1725334
Саманчынын жолу галактикасынын тышында да бир планета болушу мүмкүн

Астрономдор Саманчынын жолу галактикасынан башка  потенциалдуу планетаны тапкан болушу мүмкүн экендерин жарыялашты.

ABCнин кабарына караганда АКШнын Авиация жана космостук мекемеси НАСА Чандра рентген телескобу менен Vortex галактика деп аталган галактикада ыктымалдуу   планетаны тапкан болушу мүмкүн экендерин белгиледи.  

Астрономдор болжол менен 28 миллион жарык жылы алыстыкта орун алгандыгы  болжолдолгон, "M51-ULS-1b" деп атаган планетанын көлөмү Сатурндун чоңдугунда экенине ишенишүүдө.

Ыктымалдуу  планетанын нейтрон жылдызынын же кара тешиктин айланасында айлангандыгы  орбитага алат деп болжолдонууда жана ага болгон алыстыгынын, Сатурн менен Күндүн ортосундагы аралыктын 2 эсе чоң экендиги болжолдолууда.

Астрономдор ыктымалдуу планетанын орбитасын 70 жылда айланып чыкканын жана жерден бул планетаны байкоо ыктымалынын өтө төмөн экенине көңүл бурушту.

Кошумчалай кетсек, окумуштуулар ыктымалдуу планетанын бар экенин далилдөө үчүн убакыт талап кылынарын жана аларга көбүрөөк байкоолор жана маалыматтар керек экенин белгилешти.

Изилдөө "Nature Astronomy" журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар