БУУ «милдеттенмелер климаттык катастрофанын алдын алуу үчүн жетишсиз» деп эскертти

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Глазгодогу климат боюнча саммиттин алдындагы маалымат жыйынында дүйнө климаттык кырсыкка карай ыктап баратканын эскертти.

1725384
БУУ «милдеттенмелер климаттык катастрофанын алдын алуу үчүн жетишсиз» деп эскертти

Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө программасы (UNEP) 2050-жылга чейин көмүртектин деңгээлин нөлгө түшүрүү үчүн алынган милдеттенмелер климаттык кырсыктын алдын алуу үчүн жетишсиз экенин эскертти.

UNEP, 31-октябрь-12-ноябрь күндөрүнүн аралыгында Шотландиянын Глазго шаарында өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Климаттын өзгөрүшү боюнча Пландык конвенциясынын (COP26) тараптарынын 26-конференциясынын алдында парник газдарынын эмиссиясы боюнча отчетунда, дүйнө температурасы 2,7 градус Цельсий жогорулашына карай бара жаткандыгына көңүлдөрдү бурду.

2015-жылы жетишилген Климат боюнча Париж келишимине ылайык, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн глобалдык температуранын көтөрүлүшү кылымдын аягына чейин Цельсий боюнча 2 градустан төмөн, ал тургай 1,5 градус Цельсий менен чектелиши керек.

Маалыматка ылайык, климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү боюнча өлкөлөр жарыялаган улуттук пландар 2030-жылы парник газдарынын эмиссиясын беш жыл мурунку милдеттенмелерге салыштырмалуу болжол менен 7,5 пайызга азайтат.

Бул милдеттенмелер 2050-жылга карата нөлдүк көмүртек максатына жетүү үчүн жетиштүү болбой турганы эскертилди.

Адистердин айтымында, глобалдык температуранын 1,5 градус Цельсийге чейин жогорулашын чектөө үчүн 2030-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясы 55 пайызга кыскарышы керек, ал үчүн өлкөлөр азыркы пландарын 7 эсеге көбөйтүүсү керек.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Глазгодогу климат боюнча саммиттин алдындагы маалымат жыйынында дүйнө климаттык кырсыкка карай ыктап баратканын эскертти.

«Адамзаттын келечеги 2030-жылга чейин глобалдык температуранын жогорулашын Цельсий боюнча 1,5 градуста кармап туруудан көз каранды»,-деп айткан Гутерриш: «Париж келишимине кирген өлкөлөр азырынча бул максатка жете алган жок»,-деди.

Ушул убакка чейин инвестициянын 20 пайызынын гана «жашыл экономикага» жасалганын белгилеген Гутерриш, глобалдык көмүр кычкыл газынын эмиссиясы 2030-жылга чейин 2010-жылдагы деңгээлден 45 пайызга кыскартылбаса, кийинки 100 айдын ичинде климаттык максаттарга жетпей турганына көңүл бурду...



Тектеш кабарлар