Байден АСЕАН менен кызматташууну өнүктүрүү үчүн инвестиция салууга убада берди

Байден онлайн өткөрүлгөн АКШ-АСЕАН саммитине катышты.

1725343
Байден АСЕАН менен кызматташууну өнүктүрүү үчүн инвестиция салууга убада берди

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы (АСЕАН) менен кызматташууну арттыруу үчүн 100 миллион долларлык инвестиция салууга убада берди.

Байден онлайн өткөрүлгөн АКШ-АСЕАН саммитине катышты.

Саммитте сүйлөгөн сөзүндө Байден АКШ менен АСЕАНдын ортосундагы карым-катнаштардын «ачык жана эркин Индия-Тынч океан» аймагы үчүн «өтө маанилүү» экенине көңүл буруп, ассоциация менен карым-катнаштарды жакшыртуу үчүн да аракет кылышаарын баса белгиледи.

Байден Индия-Тынч океан аймагынын алар үчүн абдан маанилүү экенине көңүл буруп: «Биз жаңы программаны жана демилгени ишке ашырууну көздөп жатабыз, анда көптөгөн тармактарда кызматташуубузду кеңейтүү үчүн 100 миллион доллардан ашык инвестиция салабыз»,- деп билдирди.



Тектеш кабарлар