Орусияда кичине учак кулап түштү

Учактын эмне себептен кулаганы боюнча азырынча эч кандай түшүндүрмө бериле элек.

1724529
Орусияда кичине учак кулап түштү

Орусиянын Москва облусунда болгон учак кырсыгынан эки адам каза болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Москва облусунун Руза шаарына жакын жерде авиакырсык болуп, Аэроклассика авиаклубуна таандык Аэропракт А-22 кичи учагынын кыйрашынан 2 адам каза болгонун билдирди.

Учактын эмне себептен кулаганы боюнча азырынча эч кандай түшүндүрмө бериле элек, кырсык боюнча иликтөө иштери башталды.



Тектеш кабарлар