Кытайда чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөргө каршы курал колдонууга уруксат...

South China Morning Post гезитинин кабарында Кытайдын мыйзам чыгаруу органы болгон Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитети тарабынан жактырылган жаңы чек ара коопсуздугу мыйзамынын 2022-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирээри белгиленди.

1724371
Кытайда чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөргө каршы курал колдонууга уруксат...

Кытай өз чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндөргө каршы курал колдонууга уруксат берген мыйзамды кабыл алды.

South China Morning Post гезитинин кабарында Кытайдын мыйзам чыгаруу органы болгон Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитети тарабынан жактырылган жаңы чек ара коопсуздугу мыйзамынын 2022-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирээри белгиленди.

Кабарда 62 беренеден жана 7 бөлүмдөн турган Жер чек арасы мыйзамынын “чек ара коопсуздугун жөнгө салуу, бекемдөө жана коргоо” үчүн даярдалгандыгы билдирилген.

Укук коргоо органдарынын өмүрүнө же мүлкүнө коркунуч туудурган кол салууларга же башка зордук -зомбулук аракеттерине жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылгандарга каршы курал колдонууга уруксат берген мыйзам чек араны бойлой учкучсуз жана микроавтобусту колдонууга тыюу салат.

Кытай Элдик боштондук армиясына чек араларда болуп жаткан ар кандай “оккупацияга, жашыруун кирүүгө же провокацияга” каршы турууга уруксат берген мыйзам, эгерде Пекин ылайыктуу деп эсептесе, чек араларды жабуу үчүн мыйзамдык негиз түзөт.

Түндүк Корея, Орусия, Монголия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан, Пакистан, Бутан, Лаос, Мьянма, Непал, Вьетнам жана Индия менен кургактыктан чек аралары бар Кытайдын өзгөчө Индия жана Ооганстан менен чек арадагы коопсуздукка тынчсызданып жатканы белгиленди.

Ошондой эле Кытайдын мыйзам менен жаңы типтеги коронавируска (Ковид-19) каршы чараларды көрүүнү максат кылганы белгиленди.



Тектеш кабарлар