Нигерияда мунай зат тазалоочу жайда жарылуу болуп 25 киши набыт болду

Провинциянын Румуекпе аймагынын жооптуусу Ифеани Омано, жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маалыматында, аймактагы мыйзамсыз мунай иштетүүчү заводдо болгон жардыруудан кеминде 25 кишинин каза болгонун жана көп сандаган кишинин жараланганын айтты.

1724135
Нигерияда мунай зат тазалоочу жайда жарылуу болуп 25 киши набыт болду

Нигериянын Риверс провинциясында мыйзамсыз мунай иштетүүчү заводдо болгон жарылуудан 25 киши каза болду.

Провинциянын Румуекпе аймагынын жооптуусу Ифеани Омано, жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маалыматында, аймактагы мыйзамсыз мунай иштетүүчү заводдо болгон жардыруудан кеминде 25 кишинин каза болгонун жана көп сандаган кишинин жараланганын айтты.

Өлгөндөрдүн санынын көбөйүшүнөн тынчсызданып жатканын айткан Омано жардырууда ондогон үйлөрдүн да кыйрагандыгы тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Аймакта мыйзамсыз мунай иштетүүчү заводдун иштешинин кооптондурганына көңүл бурган Омано, өкмөттү мындай жагдайларда тез арада чара көрүүгө чакырды.

Дүйнөдө эң көп мунай запасы бар өлкөлөрдүн арасында 8-орунда турган Нигерияда мунай кендеринде куралдуу топтордун саботажы, мыйзамсыз мунай иштетүүчү заводдор, аймактагы кагылышуулар жана адам уурдоо сыяктуу окуялар менен дарыялардагы жана Дельтанын аймагындагы техникалык жетишсиздиктер жана материалдардын жетишсиздигинен улам мунай кирешеси азаюуда.



Тектеш кабарлар