Израилдин ыпылас чечимине каршылык көрсөтүлүүдө

Израилдин палестиналык 6 адам укугун коргоочу уюмду террористтер тизмесине киргизгенине каршылык көрсөтүүлөр боло баштады.

1724030
Израилдин ыпылас чечимине каршылык көрсөтүлүүдө

Израилдин палестиналык 6 адам укугун коргоочу уюмду террористтер тизмесине киргизгенине каршылык көрсөтүүлөр боло баштады.

Бул чечимге Израиль өкмөтүнүн ичинен да каршылык көрсөтүү болду.

Коалициянын солчул партиясы Мерецтен саламаттыкты сактоо министри болгон Нитзан Хоровиц социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө, бул адам укуктары уюмдарын террорчулук менен айыптоонун «көйгөйлүү» экенин айтып: «Бул чечим боюнча коомчулукка далилдер көрсөтүлүшү керек»,-деди.

Израилдин айлана-чөйрөнү коргоо министри Тамар Зандберг: «Көп учурда адам укуктары, солчулдар жана оккупацияга каршы күрөш терроризми менен байланыштырылат, бирок бул жерде жагдай андай эмес»,-деп айтты.

Бул учурда Палестинанын алты адам укуктары уюму ишмердүүлүгүн уланта турганын жарыялашты.

Рамаллада жайгашкан Аль-Хак укук коргоо уюмунун директору Шаван Жеббарин, чечимди маалымат каражаттарынан билгендерин жана аларга эч нерсе билдирилбегенин айтты.

Израилдин бул чечиминин коопсуздукка байланыштуу эмес саясий чечим экенин белгилеген Жеббарин: «Биз Израилди алардын айткандарын далилдей турган далилдерди келтирүүгө чакырабыз. Сөз болуп жаткан чечим бул мекемелердин оозун жабуу жана эл аралык деңгээлдеги иштерин токтотуу үчүн жүргүзүлгөн каралоо кампаниясынын уландысы болуп саналат»,-деди.

Жеббарин бул уюмдардын Палестина элинин өкүлү экенин баса белгилеп:«Биз израилдик согуш кылмышкерлерин жоопко тартууну улантабыз»,-деди.

Израиль өкмөтү кечээ Палестинаны боштондукка чыгаруу элдик фронту менен байланышы бар 6 адам укугун коргоочу уюмду террордук уюмдардын тизмесине киргизгенин жарыялады.



Тектеш кабарлар