Пакистан : "Афганистан операциялары үчүн АКШ менен келишим жок"

АКШнын Афганистан операциялары үчүн Пакистандын аба мейкиндигин колдонуусуна карата Исламабад менен расмий келишимдин жакын экендиги айтылса, Пакистан мындай келишимдин жок экендигин белгиледи.

1723883

Американын СНН каналынын атын билдирбеген АКШ  Конгрессинин 3 мүчөсүнө таянып берген кабарына караганда АКШнын президенти Жо Байдендин депутаттарга берген жашыруун брифингинде, АКШнын Афганистандагы аскердик жана чалгындоо операциялары үчүн Пакистандын аба мейкиндигин колдонуу боюнча Исламабад менен расмий келишимге жакын экендигин айтканы билдирилди. 

Бул үчүн Пакистандын террор менен күрөшүү боюнча  АКШдан жарам көрсөтүү боюнча "меморандум келишимине" кол коюну талап кылгандыгы жана Индия менен карым  - катнаштардын башкарылышында Вашингтондон колдоо берүүнү сурангандыгы маалымдалды.

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги Анадолу агенттигинин  суроосу боюнча билдирүүсүндө, АКШ менен мындай келишимдин жок экенин билдирди.

Билдирүүдө Пакистан менен АКШнын аймактык коопсуздук жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча узак мөөнөттүү кызматташтыгы бар экени, эки тарап үзгүлтүксүз сүйлөшүүлөрдү улантып жатканы белгиленди.

Тектеш кабарлар