АКШнын президенти Франциянын президенти Еммануэль Макрон менен телефон аркылуу сүйлөштү

Ак үйдүн билдиргенине караганда, алар НАТО менен толуктоолорду камсыз кылуу менен бирге жөндөмдүү Европа коргонуусун түзүү аракеттерин талкуулашты.

1723852
АКШнын президенти Франциянын президенти Еммануэль Макрон менен телефон аркылуу сүйлөштү

АКШнын президенти Жо Байден менен Франциянын президенти Еммануэль Макрон телефон аркылуу сүйлөшүүдө эки тараптуу жана аймактык маселелерди талкуулашты.

Ак үйдөн берилген маалыматта Жо Байдендин Еммануэль Макрон менен телефондо сүйлөшкөндүгү жана эки президенттин Сахел аймагында туруктуулук менен коопсуздукту колдоо жана Индия   - Тынч океанда кызматташууну өнүктүрүү үчүн эки тараптын улантылып жаткан иштерин каарп чыгышкандары белгиленди.

Ак үйдүн билдиргенине караганда, алар НАТО менен толуктоолорду камсыз кылуу менен бирге жөндөмдүү Европа коргонуусун түзүү аракеттерин талкуулашты.

Ак үй өзгөчө Байдендин сүйлөшүүлөрдү улантарын, Макрон менен бул айдын акырларында Италиянын борбор шаары Римде боло турган сүйлөшүүнү күтүп жаткандыгын билдирди.

Ак үй сүйлөшүү учурунда Байдендин вице  - президенти Камала Харристин ноябрь айында Франциянын борбор шаары Парижге жасай турган сапарынын бир топ дүйнөлүк кыйынчылыктарда АКШ  -  Франция кызматташуусун өнүктүрүү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк экендигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар