Pfizer-BioNTechтин 3-дозасынын эффективдүүлүгү 95,6 пайыз

Билдирүүгө караганда, 16 жана андан жогорку жаштагы 10 миң катышуучу менен өткөрүлгөн сыноодо ооруга каршы 95,6 пайыз натыйжалуу болду.

1723205
Pfizer-BioNTechтин 3-дозасынын эффективдүүлүгү 95,6 пайыз

Америкалык Pfizer жана Германиянын BioNTech компаниялары тарабынан коронавирус (Ковид-19) менен күрөшүү үчүн иштелип чыккан вакцинанын үчүнчү дозасы 95,6 пайыздык таасир берди.

Билдирүүгө караганда, 16 жана андан жогорку жаштагы 10 миң катышуучу менен өткөрүлгөн сыноодо ооруга каршы 95,6 пайыз натыйжалуу болду.

Pfizerдин жогорку жетекчиси Альберт Бурла: «Бул жыйынтыктар, адамдарды бул илдеттен жакшы коргоону максат кылганыбыз үчүн кошумча дозалардын пайдаларына байланыштуу дагы көп далилдерди камсыздоодо»,-деп айтты.

Бул сыноолорго катышкандардын 55,5 пайызы 16 жаштан 55 жашка чейинкилер, 23,3 пайызы болсо 65 жана андан жогоркулар экени маалымдалды.

Pfizer мурда вакцинанын эффективдүүлүгү экинчи дозадан кийин 4 айдын ичинде 96 пайыздан 84 пайызга чейин төмөндөгөнүн билдирген болчу. 



Тектеш кабарлар