Сирия Конституциялык комитетинин жыйындары

Сирия Конституциялык комитетинин жыйындарынын алтынчы айлампасы эртең аяктайт.

1723043
Сирия Конституциялык комитетинин жыйындары

БУУнун Швейцариянын Женева шаарындагы кеңсесинде Сирия Конституциялык комитетинин жыйыны алтынчы айлампасынын  төртүнчү күндөгү отуруму менен улантылууда.

БУУнун Сирия атайын өкүлү Геир О. Педерсендин жетекчилигинде болуп жаткан жыйындар үчүн комитеттин оппозициячыл мүчөлөрү Түркия убактысы боюнча саат 10:15, бейөкмөт уюмдардын  өкүлдөрү 10.25те, Асад режиминин өкүлдөрү БУУнун  кампусуна 10.30да киришти.

Бүгүнкү жолугушууларда тараптар алтынчы айлампадагы сүйлөшүүлөрдүн негизги күн тартиби болгон "Сириянын жаңы конституциясын даярдоонун" алкагында терроризм жана экстремизм менен күрөшүүнү талкуулашат.

Мындан тышкары, улуттук эгемендүүлүк, аскердик, коопсуздук, чалгындоо жана мыйзамдын үстөмдүгү маселелери да каралат.

Сирия Конституциялык комитетинин жыйындарынын алтынчы айлампасы эртең аяктайт.



Тектеш кабарлар