Столтенберг Россиянын чечимине каршы чыкты

Столтенберг : "Россиянын тыңчылыгын көрбөстүккө сала алган жокпуз, бирок ошентсе да карым  - катнаштарыбызды диалогдун негизинде курууну каалайбыз",- деди.

1722606
Столтенберг Россиянын чечимине каршы чыкты

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг  Россиянын дипломатиялык бюросун жабуу чечими маселелерди диалог менен чечүүгө кызмат кылбай тургандыгын айтты.

Столтенберг эртең баштала турган НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынынан мурда сөз сүйлөдү. 

ТАТОнун башкы катчысы Россиянын  1 -  ноябрдан тарта НАТО өкүлчүлүгүндөгү иштерин токтотуу чечиминин маселелерди диалог менен чечүүгө кызмат кылбай тургандыгын айтып, Россия менен НАТОнун ортосундагы карым  - катнаштын суук согуш бүткөндөн бери эң төмөнкү деңгээлде экендигин белгиледи. 

Столтенберг : "Россиянын тыңчылыгын көрбөстүккө сала алган жокпуз, бирок ошентсе да карым  - катнаштарыбызды диалогдун негизинде курууну каалайбыз",- деди. 

 



Тектеш кабарлар