Орусияда Кыргызстан дагы катышкан Ооганстан тууралуу жыйналыш өттү

Орусиянын борбор шаары Москва тарабынан уюштурулган, «Москва форматында» Ооганстан маселеси боюнча жыйналыш өттү.

1722607
Орусияда Кыргызстан дагы катышкан Ооганстан тууралуу жыйналыш өттү

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Ооганстандагы атайын өкүлү Замир Кабулов, «Биз түшүнүп турабыз, көптөр Ооганстандагы жаңы бийликти жактырышпайт, бирок алар жаңы бийликти жазалоого аракет кылышканда, акыры алар ооган элин жазалап жатышат. Ооган эли буга татыктуу эмес»,-деди.

Орусиянын борбор шаары Москва тарабынан уюштурулган, «Москва форматында» Ооганстан маселеси боюнча жыйналыш өттү.

Жыйынга Орусия, Түркмөнстан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, ошондой эле Тажикстан, Пакистан, Кытай, Индия жана Ирандын өкүлдөрү катышты.

Ооганстанда талибдер тарабынан түзүлгөн убактылуу өкмөттүн вице -премьер -министри Абдулселам Ханафи баштаган делегация курамына кирген жолугушуудан кийин журналисттерге билдирүү жасаган Замир Кабулов:«Жолугушууда кээ бир пикир келишпестиктерге карабастан, бардык катышуучулардын жалпы пикири - ооган элине жардам көрсөтүлүшү керектиги жөнүндө»,-деди.

Ооганстанда адам укуктарынын негизги нормаларын ишке ашыруу, эл аралык терроризм жана баңги аткезчилиги, коңшу өлкөлөрдүн коопсуздугу талкууланганын белгилеген Кабулов, бул маселеде эч кандай пикир келишпестик жок экенин айтты.

Кабулов алар Ооганстандын жаңы өкмөтүн таануу маселесин да талкуулашканын билдирип:«Албетте, жаңы бийлик тааныла турган күн келет. Бирок бул талибдер эл аралык коомчулуктун адам укуктары жана инклюзивдүү өкмөткө байланыштуу көптөгөн күтүүлөрүн аткарганда ишке ашат»,-деди.

Ооганстанда талибдер тарабынан түзүлгөн убактылуу өкмөттүн вице -премьер -министри Абдулсалам Ханафи да бардык өлкөлөр менен жакшы мамиле түзүүнү каалагандарын билдирди.

Талибандын убактылуу өкмөтүнүн тышкы иштер министринин орун басары Эмирхан Муттаки болсо:«Биз Ооганстандын аймагы башка өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч келтирүү үчүн колдонулбайт деген милдеттенмелерибизди аткарабыз»,-деп айтты.

Муттаки талибдердин бийлиги эл аралык коомчулук тарабынан таанылышы үчүн керектүү шарттарды аткарганын жактады.



Тектеш кабарлар