Израиль күчтөрү 18 палестиналыкты камакка алды

Израиль күчтөрү түрдүү айыптоолор менен палестиналыктарды камакка алууда.

1722506
Израиль күчтөрү 18 палестиналыкты камакка алды

Израиль аскерлери оккупацияга алынган Батыш Шериада 18 палестиналыкты камакка алды.

Палестинанын расмий маалымат агенттиги WAFAда орун алган кабарга караганда Израиль аскерлери Батыш Шерианын түрдүү аймактарында тинтүү жүргүздү. Тинтүүлөрдө 18 палестиналык камакка алынды.

Израилдин оккупациясы астындагы Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста үйлөрдү бат  -  бат тинткен Израиль күчтөрү түрдүү айыптоолор менен палестиналыктарды камакка алууда.

 



Тектеш кабарлар