20 миллиондон ашуун йемендик безгекке чалдыгуу коркунучу астында

ДССУнун твиттерден берген отчетунда Йеменде жыл сайын 1 миллион  безгек бейтабынын катталгандыгы белгиленди.

1722047
20 миллиондон ашуун йемендик безгекке чалдыгуу коркунучу астында

 

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму  ДССУнун твиттерден берген отчетунда Йеменде жыл сайын 1 миллион  безгек бейтабынын катталгандыгы белгиленди.

Өлкөдө 20 миллион 400 000 адамдын «безгек оорусун жуктуруу коркунучу бар аймактарда жашагандыгы»  билдирилген отчетто ДССУнун эпидемия коркунучуна каршы ылдам диагностикалык тесттери, дары – дармектер менен камсыздалып  жана ыктыярдуу медицина кызматкерлерине бул тууралуу билим берилгендиги билдирилди.

Йемендеги саламаттыкты сактоо мекемелеринин  жарымынын гана толугу менен же жарым  - жартылай иштей турган абалда экендигине көңүл бурулуп, саламаттыкты сактоо мекемелеринде негизги медициналык каражаттар менен дары  - дармек жана медициналык кызматкрелердин жетишсиздиги маалымдалды.

Отчетто өзгөчө Йеменде безгек эпидемиясы коркунучу улантып жаткандыгы жана эпидемия менен күрөшүү  механизмдерин күчөтүүнүн маанилүү  экендиги баса белгиленди.



Тектеш кабарлар