Орусияда Ооганстан боюнча жыйын өткөрүлөт

Москва форматындагы жыйындын үчүнчү жолу өткөрүлө турганы айтылды.

1721753
Орусияда Ооганстан боюнча жыйын өткөрүлөт

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги эртең Ооганстан боюнча Москва форматында жыйын болорун маалымдады.

Министрликтин билдирүүсүндө, Москва форматындагы жыйындын үчүнчү жолу өткөрүлө турганы айтылды.

Жыйналышта Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун да сөз сүйлөй турганы белгиленген билдирүүдө: «Жыйынга аймактагы 10 мамлекеттин өкүлдөрү, ошондой эле Ооганстандын атынан Талибан кыймылынын жогорку деңгээлдеги делегациясынын катышуусу күтүлүүдө», делди.

Москва форматындагы жыйында Ооганстандагы аскердик-саясий кырдаалдын өнүгүшү жана инклюзивдүү өкмөттүн түзүлүшүнө карата күтүүлөр талкууланышы пландаштырылганы, ошондой эле бул өлкөдөгү гуманитардык кризистин алдын алуу үчүн эл аралык коомчулуктун аракеттерин күчөтүү маселелери сүйлөшүлө тургандыгы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар