Лавров: «Эрдогандын айткандары туура»

Лавров, Эрдогандын Ангола сапарында дагы бир жолу баса белгилеген "дүйнө бештен чоң" деген билдирүүсүнө байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1722002
Лавров: «Эрдогандын айткандары туура»

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Анголада Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин кайрадан түзүлүүсүнө байланыштуу кайталаган "дүйнө бештен чоң" билдирүүсүнө баа берген Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түркиянын президентинин айтканын туура экенин белгиледи.

Сочиде өткөн Валдай эл аралык дискуссия клубунун жыйынына катышкан Лавров, Эрдогандын Ангола сапарында дагы бир жолу баса белгилеген "дүйнө бештен чоң" деген билдирүүсүнө байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Лавров: «Президент Эрдогандын чечендиги баарына белгилүү. Ал ар кандай маселелерде эркин сүйлөйт. Мен ага кошулам. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн дүйнөнүн тагдырын чечүүгө акысы жок экени темасында бирдей пикирдемин», - деди.

Эрдоган Анголага сапарында: «Дүйнө бештен чоң деп айтып, дүйнөлүк системада адилетсиздикке каршы күрөшүп жатабыз. Адамзаттын тагдырынын Экинчи Дүйнөлүк согушта жеңишке жеткен бир нече өлкөнүн ырайымына калтырылышы мүмкүн эмес жана болбошу керектигин жактайбыз. Түркия катары биз Африка континентине багытталган чыгыш таануучу ыкмаларды четке кагабыз. Африка континентинин элдерин бөлүп-жарбастан кучагыбызга алуудабыз»,-деген болчу.



Тектеш кабарлар