Индияда сел жана жер көчкү болду

Сел жана жер көчкүлөрдөн 16 адам каза болду.

1721960
Индияда сел жана жер көчкү болду

Индиянын түндүгүндөгү Уттаракханд штатында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон сел жана жер көчкүлөрдөн 16 адам каза болду.

Өлкөнүн Уттаракханд штатында нөшөрлөп жааган жамгыр сел менен жер көчкүнү алып келди. Штат боюнча жолдорду жана үйлөрдү суу каптады. Халдвани аймагындагы көпүрөнүн бир бөлүгү кулады.

Индиянын маалымат каражаттары штат боюнча суу ташкындан кеминде 16 кишинин каза болгонун жазышты. Индиянын премьер - министри Нарендра Моди штаттын премьер -министри Пушкар Сингх Дами менен абал тууралуу сүйлөштү. 

Индиянын метеорология департаменти жакынкы күндөрдө аймакта нөшөрлөп жааган жамгырдын уланары боюнча эскертти. Штаттын апаатка кийлигишүү күчү топторунун да аракетке өткөндүгү билдирилди. 

Индиянын түштүгүндөгү Керала штатында болгон акыркы кел жана жер көчкүлөрдө 25 киши каза болгон. 

 



Тектеш кабарлар