Дүйнөдөгү эң бийик шамал турбинасы Данияда орнотулат

Прототиптин узундугу 280 метр болору жана жылына 80 гигаватт саат электр энергиясын өндүрө алары маалымдалды.

1721882
Дүйнөдөгү эң бийик шамал турбинасы Данияда орнотулат

Дүйнөдөгү эң бийик шамал турбинасы келерки жылы Данияда орнотулат.

Даниялык шамал турбиналарын чыгаруучу Vestas тарабынан курула баштаган жана дүйнөдөгү эң узун шамал турбинасы болушу пландалган V236-15 МВт прототиби 2022-жылдын экинчи жарымында орнотулат.

Вестастын билдирүүсүндө прототиптин узундугу 280 метр болору жана жылына 80 гигаватт саат электр энергиясын өндүрө алары маалымдалды.

"Дүйнөдөгү эң чоң жана эң күчтүү шамал турбинасы" деп айтылган билдирүүдө: «Канаттын калыптары Вестастын Лемдеги канат заводунда иштелип чыкты. Узундугу 115,5 метр болгон канаттардын прототиптерин өндүрүү быйыл Вестастын Наксковдогу оффшордук канат заводунда башталат»,-делди.

Билдирүүдө шамал турбинасынын Даниянын түндүгүндөгү Остерилд аймагында курулаары кабарланды.



Тектеш кабарлар