БУУ : "Талибан Афганистанда полиомиелитке каршы эмдөө кампаниясын кабыл алды"

БУУ Талибандын жалпы Афганистанда  полиомиелитке каршы эмдөө компаниясын улантууну жактырганын жарыялады.

1721716
БУУ : "Талибан Афганистанда  полиомиелитке каршы эмдөө кампаниясын  кабыл алды"

Бириккен Улуттар Уюму БУУ Талибандын жалпы Афганистанда  полиомиелитке каршы эмдөө кампаниясын улантууну жактырганын жарыялады.

БУУнун башкы катчысы Стефан Дюжаррик күнүмдүк пресс - брифингде бул өлкөдөгү полиомиелитке каршы эмдөө кампаниясынын 8 -  ноябрда башталарын билдирди.

БУУнун балдар фонду ЮНИСЕФ менен Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму талибдердин чечимин колдошту.

ЮНИСЕФтин билдирүүсүндө полиомиелитке каршы эмдөө кампаниясынын 3 жылдан кийин кайра башталаары жана 3,3 миллиондон ашык балага жетүү максатталгандыгы маалымдалды.

ЮНИСЕФтин Афганистандагы өкүлү Эрве Людовик Де Лис бул чечим полиомиелитти жок кылууда чоң кадам экенин жана  өлкөдөгү ар бир баланы эмдөөнү максат кылышкандарын  билдирди.

 



Тектеш кабарлар