Евробиримдиктин ДЕАШ жана Аль-Каидага каршы санкциялары узартылды

Евробиримдиктин кеңейтилген санкциялары 2022-жылдын 31-октябрына чейин күчүндө болот жана керек болсо узартылышы мүмкүн.

1721120
Евробиримдиктин ДЕАШ жана Аль-Каидага каршы санкциялары узартылды

Европа Биримдиги (ЕБ) ДЕАШ жана Аль-Каида террордук уюмдарына каршы санкцияларды дагы бир жылга узартты.

Европа Кеңешинин билдирүүсүнө караганда, ДЕАШ жана Аль-Каидага каршы көрүлгөн чектөөчү чаралардын алкагында 6 киши бар.

Жеке адамдарга, топторго жана уюмдарга каршы санкцияларга саякатка тыюу салуу жана мал-мүлкүн тоңдуруу кирет. Мындан тышкары, ЕБдеги жеке адамдарга жана уюмдарга санкция тизмесиндегилерге акча жана экономикалык ресурстарды берүүгө тыюу салынууда.

Евробиримдиктин кеңейтилген санкциялары 2022-жылдын 31-октябрына чейин күчүндө болот жана керек болсо узартылышы мүмкүн.

Европа Кеңеши анын санкциялары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ДЕАШ жана Аль-Каидага каршы санкцияларына кошумча мааниде экенин билдирди.



Тектеш кабарлар