Сириянын түндүгүндө ЙПГ/ПКК террористтеринин кирүү аракетине бөгөт коюлду

ЙПГ/ПКК террористтери түндө Азездин түштүгүндөгү Кефер Кашир аймагында фронтко кирүүгө аракет кылышты.

1720679
Сириянын түндүгүндө ЙПГ/ПКК террористтеринин кирүү аракетине бөгөт коюлду

Сириянын Тель Рыфат районунда болуусун улантып жаткан жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын өлкөнүн түндүгүндөгү Сирия Улуттук Армиясынын (SMO) фронтуна кирүү аракетине бөгөт коюлду.

ЙПГ/ПКК террористтери түндө Азездин түштүгүндөгү Кефер Кашир аймагында фронтко кирүүгө аракет кылышты.

Сирия Улуттук Армиясынын (SMO)  аскерлери оор куралдар менен каршылык көрсөтүшкөндө, кирүү аракетинин мизи майтарылды.

Жергиликтүү коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, көп жоготууга учураган ЙПГ/ПКК террористтери артка чегинүүгө аргасыз болушкан.

ЙПГ/ПКК террористтери 2019 -жылдын 22 -октябрында Түркия менен Орусиянын ортосунда жетишилген келишимге ылайык чыгарылышы керек болгон Тел Рыфат районунан Африн, Маре жана Азез районунун борборлоруна чабуул коюусун улантууда.



Тектеш кабарлар