Германияда тик учак кулап түштү

Полиция билдирүүсүндө, Хайдельберг шаарынан 50 чакырым чыгышта болгон кырсыктын себеби азырынча белгисиз экенин билдирди.

1720789
Германияда тик учак кулап түштү

Германиянын Баден-Вюртемберг провинциясында тик учактын кулашынан 3 адам каза болгону маалымдалды.

Полиция билдирүүсүндө, Хайдельберг шаарынан 50 чакырым чыгышта болгон кырсыктын себеби азырынча белгисиз экенин билдирди.

Билдирүүдө, биринчи аныктоолор боюнча, кырсыктан 3 адам каза болгону айтылып, башка жоготуулардын бар же жок экендиги жөнүндө маалымат берилген жок.

Гессен жана Бавария провинцияларынын чек арасына жакын аймактагы кырсык болгон жерге көп сандаган өрт өчүрүүчүлөр жана тез жардам унаалары жөнөтүлгөнү жана издөө -куткаруу операциясы башталганы белгиленди.



Тектеш кабарлар