АКШнын Жер Ортолук деңиз тууралуу билдирүүсү

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс, АКШ менен Грециянын ортосунда жакында кол коюлган коргонуу кызматташуу келишимине байланыштуу АА кабарчысынын суроосуна жазуу түрүндө жооп берди.

1720653
АКШнын Жер Ортолук деңиз тууралуу билдирүүсү

Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Чыгыш Жер Ортолук деңизине карата позициясы өзгөрбөгөнүн баса белгилеп, «Биз бардык өлкөлөрдү деңиздеги чек ара маселелерин эл аралык укуктун негизинде тынчтык жолу менен чечүүгө үндөйбүз» деген билдирүү жасады.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс, АКШ менен Грециянын ортосунда жакында кол коюлган коргонуу кызматташуу келишимине байланыштуу Анадолу агенттигинин (АА) кабарчысынын суроосуна жазуу түрүндө жооп берди.

Прайстын билдирүүсүндө, «АКШнын көптөн берки позициясы бирдей; Жо Байдендин бийлиги Чыгыш Жер Ортолук деңизинде стабилдүүлүктү камсыздоого көз каранды»,деген сүйлөмдөр орун алды.

Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги деңиз юрисдикциясы чек арасына байланыштуу, басма сөз катчы: «Биз бардык өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо жана урматтоо керек деп эсептейбиз. Принцип катары биз бардык өлкөлөрдү деңиз чек ара көйгөйлөрүн эл аралык тартипке ылайык тынчтык жолу менен чечүүгө үндөйбүз. Ошондой эле, негизинен Америка Кошмо Штаттары конкреттүү дооматтар же сунуштардын натыйжалары боюнча позицияда эмес»,деген өз баасын берди.

Прайс кечээ бул темада жасаган билдирүүсүндө, Америка Кошмо Штаттары Түркия менен Грециянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү колдогонун жана Вашингтондун жалпысынан башка өлкөлөрдүн ортосундагы деңиз чек арасындагы түшүнүшпөстүктөрү боюнча позицияда эместигин айтты.



Тектеш кабарлар