Израиль аскерлери 2 палестиналыкты жаралады

Израиль аскерлери оккупацияга алынган Батыш Шеринанын түрдүү аймактарындагы мыйзам тышы еврей отурукташуу жерлерине каршы митингдерге кийлигишип, 2 палестиналык жаракат алды.

1720476
Израиль аскерлери 2 палестиналыкты жаралады

Израиль аскерлери оккупацияга алынган Батыш Шеринанын түрдүү аймактарындагы мыйзам тышы еврей отурукташуу жерлерине каршы митингдерге кийлигишип, 2 палестиналык жаракат алды. Ондогон адам да камакка алынды.

Кафр Кадум элдик каршылык координатору Мурад Шитеви жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө израилдик аскерлер, палестиналыктар жана чет элдик укук коргоочулардын жөө жүрүшүнө резина октор, үн бомбалары жана көздөн жаш агызуучу газ менен кийлигишкенин айтты.

Шитеви Израиль аскерлеринин оккупациядагы Батыш Шерианын түндүгүндө жайгашкан Кафр Каддум шаарына кол салуусунун натыйжасында 2 палестиналыктын жараланганын жана ондогон адамдардын газдан жабыркаганын айтты.

Шитеви израилдик аскерлердин дыйкандардын зайтун талааларына барышына тоскоол болуу үчүн Кафр Кадум айылына баруучу жолдордун бирин тосконун кошумчалады.

Бир тараптан Наблус шаарынын Бейт Дежен жана Бейта кыштагында Палестина Боштондук Уюмуна караштуу мекемелердин чакыруусу менен ондогон палестиналыкты мыйзам тышы отурукташууга каршы митинг өткөрүлдү.

Израиль аскерлери митингге көздөн жаш агызуучу газ менен кийлигишти.



Тектеш кабарлар