ДССУ Африка континентинде 7 бейтаптан бирөөсүнүн гана аныктала алгандыгын билдирди

Африкада чыныгы бейтап саны 59 миллион экендиги болжолдолууда.

1719868
ДССУ Африка континентинде 7 бейтаптан бирөөсүнүн гана аныктала алгандыгын билдирди

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо  Уюму Африка континентиндеги ар бир жети коронавирус бейтабынан алтоосунун аныктала албагандыгын, чыныгы бейтап саны 59  миллион экендиги болжолдолуп жаткандыгын билдирди. 

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо  Уюмунун Африка директору  Матшидисо Моети жумалык кезектеги пресс  - жыйынында Ковид  - 19  өлүм  - житимдерине карата эсептөөлөрдө чыныгы бейтап саны башка экендигин айтты. 

Ушул убакка чейин 8.5 миллион учур катталганын, бирок чыныгы көрсөткүчтүн 59 миллион экендигин айткан Моети : "Анализибиз ар бир 7 бейтаптан бирөөсүнүн гана аныктала алгандыгын ортого салууда",- деди. Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун ушунун негизинде дагы көп тесттин жасалышына көңүл бурарын жана мунун  адамдардын өмүрүн ылдам сактап калууга жардам берерин айтты.

Моети ошондой эле калкынын үчтөн эки бөлүгүн эмдеген бай өлкөлөрдөн колдорундагы вакцианы 215 000 адам каза болгон Африка өлкөлдөрү менен бөлүшүүнү талап кылды. 

 

 



Тектеш кабарлар