АКШнын Орто Азияда аскерлерин жайгаштыруу каалоосуна региондогу өлкөлөр каршы

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын Орто Азияда аскерлерин жайгаштыруу каалоосуна региондогу өлкөлөрдүн каршы экендигин айтты.

1719872

Лавров Белорусиянын борбор шаары Минскте КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынынын негизинде журналисттердин АКШнын Өзбекстанга террор менен күрөшүү күчтөрүн жайгаштыруу ниети тууралуу суроолоруна жооп берди.

Лавров Россиянын Орто Азиядагы коңшулары, союздаштары жана стратегиялык өнөктөштөрү менен дайыма байланышта экенин белгилеп : «Алар үчүн мындай сапарлар кабыл алынбайт",- деди.

АКШнын бул багыттагы ниети тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин баса белгилеген Лавров, бул боюнча Өзбекстан башкаруусунан суроо керектигин сунуштады.  

Лавров : "Дагы бир жолу кайталайм, биздин орто азиялык досторубуз бизге АКШ же НАТО өлкөлөрүнүн мындай демилгесин каалабагандарын айтышты»,- деди.

Лавров мындан тышкары Россия -  АКШ карым  - катнаштарынын негизинде жолугушууларынын улантылып жаткандыгын белгилеп, эки өлкөнүн лидерлеринин ортосунда дагы көп байланыштын болушу үчүн потенциалдуу программаларды ойлоп жатышкандарын айтты.

Тектеш кабарлар