Тайванда имарат өрттөнүп көп сандаган адам каза болду

13 кабаттуу имаратта жергиликтүү убакыт боюнча саат 02. 54тө өрт чыкты.

1719544
Тайванда имарат өрттөнүп көп сандаган адам каза болду

Тайвандын түштүгүндөгү Каошионг шаарында 13 кабаттуу имаратта чыккан өрттөн каза болгондордун саны 46га жетти.

Каошионг өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкерлерине таянган кабарга караганда, кеңселер жана турак жайлар жайгашкан шаардын Янчинг районунда 13 кабаттуу имаратта жергиликтүү убакыт боюнча саат 02. 54тө өрт чыкты.

Өрт өчүрүү кызматы саат 07.17де өчүрүлө алынган өрттүн өтө катуу болгонун жана имараттын бир канча кабатын жок кылганын билдирди.

Окуядан каза тапкандардын саны 46га жеткени маалымдалды. 


Этикеткалар: #Өрт өчүрүү кызматы

Тектеш кабарлар