Конго Демократиялык Республикасында эбола кайрадан пайда болду

Борбор шаар Киншасадан эпидемия аймагы Түндүк – Кивуга эбола вакцинасы менен башка медициналык каражаттар жиберилди.

1719772
Конго Демократиялык Республикасында эбола кайрадан пайда болду

5 айлык тыныгуудан кийин кайра пайда болгон эбола эпидемиясына каршы эмдөө Конго Демократиялык Республикасынын чыгышындагы Түндүк-Киву провинциясында башталды.

Улуттук маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда 9 -  октябрда биринчи эбола бейтабы катталган Түндүк  -  Киву аймагында биринчи эмдөө иши башталды.

Борбор шаар Киншасадан эпидемия аймагы Түндүк – Кивуга эбола вакцинасы менен башка медициналык каражаттар жиберилди.

Эмдөө эбола оорусун жуктурган киши менен байланышта болгон 100 киши менен башталды.

Саламаттыкты сактоо министри Жан Жак Мбунгани 9-октябрда Бени ооруканасында эбола менен шектелип дарыланып жаткан 3 жашар баланын эбола тестинин позитив чыкканын билдирди.

Эбола вирусу 2013 - жылдын декабрында Батыш Африкада жайылган. 2014-2017-жылдары Гвинея, Либерия жана Сьерра-Леонеде чыккан эпидемияда 30 000 адам вирус жуктуруп, 11 000ден ашуун бейтап каза болгон.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар