Японияда Өкүлдөр палатасы таратылды
Премьер - министр Кишида Фумио кезектеги парламенттик шайлоонун алкагында Шуугини таратуу чечимин чыгарды.
Японияда айдын аягында боло турган кезектеги парламенттик шайлоонун алдында Өкүлдөр палатасы (Шуугин) таратылды.
Премьер - министр Кишида Фумио кезектеги парламенттик шайлоонун алкагында Шуугини таратуу чечимин чыгарды.
Киодо агенттигинин билдиргенине караганда үгүт жүргүзүү иштери 19 - октябрда баштала турган шайлоо жалпы өлкөдө 31 - октябрь жекшемби күн өтөт.
Шуугин депутаттарынын 4 жылдык расмий кызмат мөөнөтү 21 - октябрда акырына чыгат. Бул чечим менен парламент бир жума эрте таратылат.
Кишида бийликтеги Либерал демократ партиясы жана өнөктөшү Комейто үстөмдүк кылган Шуугинде 4 - октябрда премьер - министр болуп шайланып, кабинетин курган.
Өлкөдө парламенттин таркатылышы жана 31 - октябрдагы парламенттик шайлоонун ортосундагы убакыттын кыскалыгынан улам үгүт иштерин жүргүзүү мезгилинин катаал өтөөрү болжолдолууда.