Сомалиде кол салуу болду

Кол салууда 6 адам каза тапты.

1718715
Сомалиде кол салуу болду

Чыгыш Африка өлкөлөрүнөн Сомалиде болгон 2 бомбалуу кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда 6 адамдын каза болгондугу билдирилди.

Борбор шаар Могадишонун Йакшд аймагындагы полиция жетекчиси Абдифеах Хасан кечки сааттарда адам көп болгон бир ресторандын бомбалуу кол салууда бутага алынгандыгын билдирди.

Кол салууда ресторандагы 3 адам каза болуп, көптөгөн адамдар жаракат алганы кабарланды.

Жабыркагандардын ооруканага жеткирилгенин айткан Хасан, азырынча бул кол салуу үчүн эч бир топиун жоопкерчилик ала электигин маалымдады. Бир тараптан, эртең менен Дайниле аймагындагы жардырууда 1 чалгындоо кызматкери менен 2 коопсуздук кызматкери каза болду.



Тектеш кабарлар